Кулактандыруу

27 Февраля 2020

Жергиликтүү демилгелерди каржылоого жарыяланган сынак жөнүндө


КУЛАКТАНДЫРУУ

1. Кулактандыруу чыккан күн: 2020-жылдын «27»- февраль айы.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы Чаек айыл өкмөтү.

3. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү: 2020-жылдын 15-май айы.

4. Сынактын алкагындагы максималдуу суралуучу каражаттын колому 50000,0 (элуу мин) сомдон ашпашы зарыл.

5. Сынакка катышууга өтүнмөнү берүү үчүн зарыл документтер:

кулактандыруунун 1-тиркемесине ылайык жазылган арыз.
паспорттун көчүрмөсү (жеке жактар үчүн), юридикалык жак катары каттоодон өткөнү тууралуу күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
кулактандыруунун 2-тиркемесине ылайык жазылган сунуш (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшү) жана кулактандыруунун 3-тиркемесине ылайык жазылган бюджет.

6. Табыштамага (жергиликтүү демилгенин сүрөттөлүшүнө) жогорудагы документтер менен бирге төмөнкүлөр тиркелуусу зарыл:

милдеттенме каттар,
чыгымдарды тастыктаган,
конкурстун катышуучусунда ресурстар бар болгонун ырастаган финансылык жана башка документтер (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша),
эгерде зарыл болсо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон продукттарды, анын жыйынтыктарын жана объекттерди андан ары эксплуатациялоонун жана башкаруунун планы.

7. Сынакка берилуучу табыштамалар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечууго багытталышы керек, жана алардын ичине томондогулорго артыкчылык берилет:

парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;

8. Табыштамалрды тапшыруунун акыркы мооноту:

Убактысы: 2020-жылдын 10-март айы, саат 15:00  Орду: Чаек айыл өкмөтүнүн имараты, Т.Мураталиев көчөсү №69.

 

9. Конкурс  Чаек айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2019-жылдын «15»- ноябрындагы 14-сессиясынын №1 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык өткөрүлүп жатат. Аталган Жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылган (www.chaek-aimak.kg ).

10. Табыштамалар 4-тиркемедеги баалоо критерийлери боюнча бааланат.

11. Сынактын  жеңүүчүлөрүн аныктоо мөөнөтү: 2020-жылдын 11-март айы саат 15.00

12. Сынакка катышуу үчүн формаларды электрондук турдо алуу үчүн Чаек айыл окмотунон расмий сайты: www.chaek-aimak.kg  сайтынан жана Chaekaiylokmotu@mail.ru электрондук дарегине кайрылсаныз болот.

13. Кошумча маалыматтарды алуу учун Чаек айыл окмотунун  долбоолор боюнча адиси Трюмова Жумагүлгө, контактык номери 0707692194  кайрылсаныздар болот.

14. Конкурстун катышуучусу конкурстук өтүнмөлөрдү комиссияга мамлекеттик же расмий тилде төмөнкү жолдордун бири менен берсе болот:

чапталган конверттин ичине салып, кагаз түрүндө Чаек айыл окмотунуо тапшырат;

PDF форматында сканерден өткөрүлгөн түрүндө электрондук почта аркылуу Chaekaiylokmotu@mail.ru  дарегине жиберет же конкурстун шарттарында ушундай мүмкүнчүлүк каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жиберет.

Кулактандырууга тиркемелер