2019-жылдын 3-июлунда, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылдык аймагында 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар болуп өттү. Чаек айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Допоев Жапарбек тартуулаган маалыматка ылайык, Чаек айылдык аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттин көлөмү 27 666,5 миң сомду түзүп, анын:
11 319 миң сому (40,9%) билим берүүгө,
9 617,3 миң сому (34,8%) жалпы мамлекеттик кызматтарга,
5 431,2 миң сому (19,6%) турмуш-тиричилик жана коммуналдык кызматтарга,
750 миң сому (2,7%) социалдык жардамга,
485 миң сому (1,8%) экономикалык маселелерге,
64,1 мң сому (0,2%) эс алуу, спорт, маданият жана дин чөйрөлөрүнө багыттоо пландалган.
Бюджеттин долбоору талкууланган соң, катышуучулар өз сунуш-пикирлерин айтышып, суроолоруна жоопторун алышты