Чаек айылдык аймагында мугалимдер күнү белгиленди

08 Октября 2018

Чаек айылдык аймагында мугалимдер күнү белгиленди

Иш чарага аймакта 4 мектептин өкүлдөрү катышышты. Иш чара 5 октябрда  Айыл өкмөттүн имаратында өттү. Иш чаранын аягында Мидин Алыбаев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабият мугалими Абамисилова Бермет Кубанычбековнага 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында Айыл өкмөттөр  арасында өткөн «Ыр кесе» кароо сынагына  активдүү катышкандыгы үчүн  жана мугалимдер күнүнө карата Чаек айыл өкмөтүнүн «Ардак грамотасы» менен сыйланды. Ардак грамотаны  Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Айгүл Токтоналиева тапшырды.