Т.Турсунбаева мектебинде Мугалимдер күнү белгиленди

08 Октября 2018

Т.Турсунбаева мектебинде Мугалимдер күнү белгиленди

Т.Турсубаева мектебинин окуучулары, мугалимдер күнүн, эжейлерди өзгөчөрөөк кылып   куттуктайлы деп,  эртең менен эрте келишип ,мектептин кире беришин ар кандай шариктер менен  кооздоп, эжейлерди музыканын коштоосунда тосуп алышты. Бешинчи сабактан кийин, он биринчи класстын окуучулары линейка уюштурушту, ошол жакта окуучулар эжейлерге, ар ким өзүнүн талантын  тартуулады. 9в классынын окуучулары өз алдынча акча чогултуп белек беришти.