Чаек айыл өкмөтүнө долбоор менен алынган жаңылыктар

10 Декабря 2018

Чаек айыл өкмөтүнө долбоор менен алынган жаңылыктар

Швейцария Өкмөтү каржылаган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун чакан гранттык программасы конкурс жарыялап, Чаек айыл өкмөтү тарабынан эки долбоор утуп алып ишке ашырды. Биринчи долбоор -техника алуу жалпы
2 589 000 сом, мунун ичинен 1 589 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Экинчи долбоор - Ак-Татыр айылындагы 3-саатык бала бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү. Жалпы 1 180 000 сом акча каражаты сарпталды, мунун ичинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымы 180 000 сомду түздү. 

Чаек айыл өкмөтү Швейцария Өкмөтү каржылаган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун чакан гранттар программасынан утуп алган "Беларусь-892,2" тракторунун базасында жасалган "Амкадор-702ЕА" үлгүсүндөгү эксковатор-жүктөгүчтү алып келди.