Чаек айылдык аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору талкууланды

03 Июля 2019

Чаек айылдык аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору талкууланды

Бүгүн, 2019-жылдын 3-июлунда, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылдык аймагында 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар болуп өтүүдө. 

Чаек айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Допоев Жапарбек тартуулаган маалыматка ылайык, Чаек айылдык аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттин көлөмү 27 666,5 миң сомду түзүп, анын: 

  • 11 319 миң сому (40,9%) билим берүүгө, 
  • 9 617,3 миң сому (34,8%) жалпы мамлекеттик кызматтарга,
  • 5 431,2 миң сому (19,6%) турмуш-тиричилик жана коммуналдык кызматтарга,
  • 750 миң сому (2,7%) социалдык жардамга,
  • 485 миң сому (1,8%) экономикалык маселелерге,
  • 64,1 мң сому (0,2%) эс алуу, спорт, маданият жана дин чөйрөлөрүнө багыттоо пландалган. 

Бюджеттин долбоору бул жолу жаңы иштелип чыккан жарандык бюджеттин WEB-тиркемесинин жардамы менен тартууланды (http://vap.kg/ky/press_room/news/full/1000.html). 

Бюджеттин долбоору талкууланган соң, катышуучулар өз сунуш-пикирлерин айтышып, суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгүн алышты. 

Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү боюнча маалымат өнөктүгүн пландоо үчүн Жумушчу топтун (айыл өкмөт кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү жана активдүү жергиликтүү тургундардын өкүлдөрү) жолугушуусу 2019-жылдын 21-июнунда болуп, анын натыйжасында, бюджеттик коомдук угууларды өткөрүү үчүн маалымат өнөктүгү 24-июндан башталып, иш-чаранын өзү 2019-жылдын 3-июлунда өткөрүлө тургандыгы макулдашылган.

Чаек айылдык аймагы Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (#SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун максаттуу муниципалитети катары 2017-жылдын жаз айынан тарта кызматташып келе жатат. Кызматташууну алкагында аталган Долбоор айылдык аймакка гранттык, техникалык, билим жана консультациялык колдоо көрсөтөт.