Чаек айыл өкмөтүндө"Үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алалы жана токтотолу!" деген тема боюнча долбоор өткөрүлдү.

14 Июня 2024
 Үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алалы жана токтотолу.

 

1.Токонова Жүрсүн. Нарын облусу, Жумгал району. Чаек айыл өкмөтү

2. Долбоордун аталышы:  "Үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алалы жана токтотолу!"

3. Долбоордун максаты: Көтөрүлгөн маселени талкуулоо менен үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун келип чыгуусунун негизги себептерин аныктоо жана алардын алдын алуу үчүн жасала турган иштерди уюштуруу.

4. Долбоорду ишке ашыруу боюнча сүрөттөө: Айыл тургундары, тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү, айылдык кеңештин курамынын жана Чаек айыл өкмөтүнун кызматкерлеринин катышуусу менен катар жергиликтүү кеңештин депутатынын уюштуруусу менен Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарында тегерек стол өтүлөт. Жүрүшүндө зордук-зомбулуктун катталышынын статистикасы жана өсүү темпи боюнча сөз болот.Көтөрүлгөн материалдар боюнча видеоматериалдар менен мисалдар көргөзүлөт. Айыл тургундарына зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында атайын жасалган колдонмо таркатылды.Ар кайсы өкүлчүлүктүн өкүлдөрү өздөрүнүн оюн ортого салышат.

Ошондой эле Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинде 9-10 кл окуучуларынын катышуусунда "Эрте никеге туруу-бул кылмыш! " деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго дин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, соц педагогдор конок катары катышып, балдарга көтөрүлгөн маселе боюнча пайдалуу маалыматтарды беришти. Мектеп окуучуларынын суроолоруна жооптор берилди. Видеоматерал катары Жумгал райондук исскуство мектебинин кызматкерлери жана окуучулары тарабынан тартылган видео материал көргөзүлду жана андан бөлөк да видеолор  мн тааныштырылды. Жыйынтыгында мектеп окуучуларына белек катары үч даана волейбол топтору тапшырылды.

Долбоордун жыйынтыгы:

Резолюция кабыл алынды:

Чаек айыл өкмөтүнүн.алдындагы социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн кызматкерлеринин иштөө мүмкүнчүлүгүн колдоо жана аылөкмөтүнүн  базасында түзүлгөн"Асылзат"кризистик борборунун толук кандуу ишке киришишин камсыздоого көмөк көргөзүүнү тиешелүү компетенттүү уюмдардан өтүнүү.
Үй-бүлөлүк зордук зомбулукка кабылган жарандардын аймактагы өкмөттүк уюмдардын колдоосуна жана жергиликтүү кризистик борбордун социалдык-психологиялык кызматтарына тоскоолдуксуз кабыл алынышын уюштуруу.
Чаек айыл  аймагында күнү-түнү иштеген ишеним телефонунун  иштөөсүн камсыз кылуу.
Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу уюмунун колдоосунда социалдык чөйрөдө иштеген адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн акча каражатын карап берүү жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынан суралсын.
Социалдык уюмдар аркылуу үй бүлөлүк зордук зомбулук боюнча мыйзамда каралган маалыматтарды коомчулукка системалуу түрдө жеткизүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшыруу.
Жергиликтүү ММКлардын жардамы менен үй бүлөлүк зордук зомбулук тууралуу маалымат компанияларын уюштуруу.