Мугалимдердин кесиптик майрамына карата Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдилов тарабынан билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан мугалимдерге «Ардак грамоталары» салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө тапшырылды.
Мугалим — жаш муунга билим берип гана тим болбостон, алардын адам болуп калыптанышына, келечекке ишенимдүү кадам ташташына чоң салым кошкон ардактуу кесиптин ээси. Коомдун өнүгүшүндө, өлкөнүн келечегин түптөөдө мугалимдердин эмгеги өзгөчө мааниге ээ.
Чаек айыл өкмөтү бардык агартуучуларды кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, алардын талыкпаган эмгеги, кесипкөйлүгү жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет!
Ар бир мугалимге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишине ийгилик, түгөнбөс дем-күч жана шакирттеринин жетишкендиктерине күбө болгон кубанычтуу күндөрдү каалайбыз!
Мугалимдин эмгеги — келечектин пайдубалы!