1 - октябрь Эл аралык Карылар күнү

12 Октября 2026

1 - октябрь Эл аралык Карылар күнү

«Баштан далай оор турмушту өткөргөн,
Салабаттуу айткан сөзү төп келген.
Каада күтүп, касиетти карманып,
Карыялар бул жашоого көрк берген.

Төрдүн көркү, элдин көркү карылар,
Төрүбүздө урмат көрчү маалыңар.
Дем күч болуп жалындаган жаштарга,
Ден соолукта жүрүңүздөр баарыңар!»

1 - октябрь Эл аралык Карылар күнүндө Чаек айыл өкмөтүнун башчысы А.Абдилов Чаек айыл аймагынын улуу муундагы өкүлдөрүнүн үйлөрүнө барып майрамы менен куттуктап белектерин берди

Чаек айыл өкмөтү бардык ардактуу аксакалдардарыбызга жана апаларыбызга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат карылык жана жакындарынын мээримине бөлөнгөн бактылуу күндөрдү каалайт!

Улууларды урматтоо - улуттун улуулугу!