Чаек айыл өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыгы менен "Мыкты айыл өкмөтү" конкурсунда 3-орунду жеңип алгандыгы жөнүндө
Чаек айыл өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыгы менен "Мыкты айыл өкмөтү" конкурсунда 3-орунду жеңип алып 500 (беш жүз миң) сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Кененирээк маалыматты Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомунан алсаңыздар болот
Чаек айыл өкмөтүнүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу Чаек айыл аймагындагы оңдоо иштерине байкоо жүргүзүштү
Чаек айыл өкмөтүнүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу долбоордун негизинде жасалып жаткан Беш-Терек айылынын Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин капиталдык ондоо иштерине кароо жана байкоо жүргүзүштү жана ошондой эле Чаек айыл аймагындагы бала- бакчалардын учурдагы оңдоо иштерине байкоо жүргүзүшүп актыларын толтурушту.
4-июнда Чаек айыл өкмөтүнүн паркында
4-июнда Чаек айыл өкмөтүнүн паркында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кулбараков Автандил Илдузовичтин демөөрчүлүгү менен Чаек айыл өкмөтүнө батут, түстүү телевизор, балдар ойноочу самакат жана ролик алып берилди
2019-жылдын 3-июлунда, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылдык аймагында 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар болуп өттү
2019-жылдын 3-июлунда, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылдык аймагында 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар болуп өттү. Чаек айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Допоев Жапарбек тартуулаган маалыматка ылайык, Чаек айылдык аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттин көлөмү 27 666,5 миң сомду түзүп, анын:
11 319 миң сому (40,9%) билим берүүгө,
9 617,3 миң сому (34,8%) жалпы мамлекеттик кызматтарга,
5 431,2 миң сому (19,6%) турмуш-тиричилик жана коммуналдык кызматтарга,
750 миң сому (2,7%) социалдык жардамга,
485 миң сому (1,8%) экономикалык маселелерге,
64,1 мң сому (0,2%) эс алуу, спорт, маданият жана дин чөйрөлөрүнө багыттоо пландалган.
Бюджеттин долбоору талкууланган соң, катышуучулар өз сунуш-пикирлерин айтышып, суроолоруна жоопторун алышты
Бюджеттин долбоору
Чаек айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин долбоору боюнча КООМДУК УГУУГА даярдануусу
Биргелешкен аракеттер планынын (БАП) долбоорун талкуулоо
2019-жылдын 6-июнь күнү Чаек айыл өкмөтү "2019-2020-жылдарга жергиликтүү жамааттын жана Чаек айыл өкмөтүнүн Биргелешкен аракеттер планынын (БАП)" долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өткөрдү.
1-июнь балдарды коргоо күнү
1-июнь балдарды коргоо күнүндө Чаек айыл өкмөтү тарабынан “Нур-Булак” балдар үйүндөгү балдарга таттуулар таратылды жана балдар үйүнүн жетекчиси Мурзабекова Закира Чаек айыл өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланды. Мындан сырткары Чаек айыл аймагындагы балдарга бал муздактар таратылды.
Чаек айылдык аймагынын тургундары жаңы техникалуу болушту!
Атайын техниканы сатып алуу зарылчылыгы тууралуу маселени айыл тургундары ЖӨБ органдарынын алдына 2018-жылдын 26-январында койгон. Бул күнү артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча айылдык чогулуш өткөн.
Муниципалдык веб-сайтты башкаруу боюнча практикалык семинар, 17-18.10.2018
2018-жылдын 17-18-октябрь күндөрү Нарын шаарында облустун 5 айыл аймагынын өкүлдөрү катышкан атайын практикалык семинар болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар веб-сайтка материал жана сүрөттөрдү даярдап, аларды сайтка жайгаштырганды үйрөнүштү.
Чаек айыл өкмөтү мыкты айыл өкмөт наамына татыктуу болду
Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтү мыкты айыл өкмөт наамына татыктуу болуп, Жогрку Кеңештин депутаты А.Кулбараков Египетке жолдомо тапшырды.
Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган
Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс: долбоорунун негизинде Чаек айыл өкмөтүнө 89 400 сомдук инвентарлар келген.
Чаек айыл аймагынын «Шортон» участкасына балдар ойноочу аянтча курулуп жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпысы 120 000сом акча каражат сарпталган
Чаек айыл аймагынын «Шортон» участкасына балдар ойноочу аянтча курулуп жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпысы 120 000сом акча каражат сарпталган